www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кезинде медиа-эксперт болуп, укуктук көйгөй жаралган маалымат каражаттарына юридикалык көмөк көрсөтө коюп жүрүп, КТРди дагы жетектегенге үлгүргөн Илим Карыпбеков деген бар. Ыңгайына, кырдаалга жараша ойт берип, жеңден кончко куюлган жагынан чебер. Эч кимди алдына салбайт.
Акыркы учурда альпинизм менен шугулданып жүрөт. Айлап тоого чыгып кетет. Анан тоодон түшкөндө "менден баланча маселе боюнча пикиримди сурагандар толуп кетиптир" деген формулировка менен коомдогу көп талкууланып жаткан резонанстуу окуяларга байланыштуу бийликтин позициясын жактап, кошомат кылган көз карашын айтып турат. Кошоматты дагы жигин билгизбей кылдат айтат. Дээринде бар да.
Мына Өзбекстанга берилген төрт пансионат боюнча абдан туура чечим болду деген пикирин айтыптыр. Анын логикасын ээрчисек, кыргыздар эч нерсе иштете албайт экен, андыктан аэропортту баш кылып кызарган жердин баарын кармата бериш керек экен. Мына мекенчилдик. Мына менеджерлик касиет.
Эгер Кумтөрдү сатуу, же башкага башкарууга берүү маселеси козголо турган болсо, биринчи дал ушул Илим Карыпбеков эң туура чечим болду деп кыйкырып чыгаарында шек жок.
Булак: NazarNews.kg