www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ири алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты.

2020-жылы Бишкек шаарынын Свердлов районунун  ички иштер башкармалыгына борбор калаанынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда ал 2019-жылы күзүндө АКШга кетүү үчүн виза алууга жардам берем деген шылтоо менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, изин жашырып кеткен жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. 

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө издөөгө алынган жарандын жүргөн жери аныкталган. Ал ушул жылдын август айында Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон Токмок шаарынын жашоочусу 1980-жылы туулган М.А. болот.  Анын кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар жана алдамчылык жол менен жарандардын ири суммадагы акча каражаттарын, мүлктөрүн ээлеп алгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 

Учурда иликтөө иштери уланууда. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата бир айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости