www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кимдер кызматтан алынганын ачыктады.
Алар:
- Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев;
- Бишкек ШИИББинин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары Кылычбек Жолдошов;
- Бишкек ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын башчысы Мухтарбек Токтогулов;
- Чүй ОИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысы Азамат Имангазиев.
Ошондой эле, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын 5 жетекчилик курамдагы кызматкери, Бишкек ШИИББинин 3 жетекчилик курамдагы кызматкери, Чүй ОИИББинин 4 жетекчилик курамдагы кызматкерлери ар кандай тартиптик жазаларга тартылышты.
Эске салсак, 17-августта УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 5 милиция кызматкери кармалганын билдирген.
Ал эми ИИМ бул боюнча иликтөө иштери башталганын жана 18 жетекчи жазаланганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg