www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

54 жаштагы Адолат Хамидова 12-мартта Ооганстанда бычак менен үч жолу сайылып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу «Азия-Плюс» жазды.

Анын туугандары жана кесиптештери 16-мартта «Озоди» радиосуна билдиришкендей, ал акыркы сегиз жылдан бери Имам Сохиб районундагы жеке менчик ооруканалардын биринде гинеколог болуп иштеп келген. Бул район Ооганстандын Тажикстан менен чек арасына жакын жайгашкан.

«Аны белгисиз адамдар өз үйүндө өлтүрүшкөн. Бир жолу бычак менен далысына, дагы эки жолу жүрөк тушуна сайышкан», — деди анын туугандарынын бири.

Маалымат булагынын айтымында, кошуналары кыйкырыкты угуп жардамга чуркап келишкен жана аны ооруканага жеткиришкен, бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

«Ал Ид аль-Фитр майрамын белгилеп, кызы жана үй-бүлөсү менен жолугуу үчүн Тажикстанга барууну пландап жаткан. Бирок 13-мартта анын сөөгү алып келинди», — деп кошумчалады ал.

Аялдын сөөгү анын туулуп-өскөн шаары Кулябда жерге берилди. Адолат Хамидованын 14 жаштагы кызы бар, ал Куляб шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Маалыматтарга караганда, анын жолдошу Ооганстандын жараны болуп, бул кылмышка байланыштуу кармалган.

Киши өлтүрүүнүн себептери азырынча белгисиз. Бул окуя боюнча Тажикстандын бийлиги да, «Талибан» өкүлдөрү да расмий комментарий бере элек. 

Последние новости