www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 млрд. 366 млн. сом төлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

2 015,5 млн. сом ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга, 1982,6 млн. сом «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларга жана «балага сүйүнчү» бир жолу берилүүчү төлөмгө 368,0 млн. сом республикалык бюджеттен жумшалган.

Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 855,8 сомду түздү. Ал эми социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3007,9 сомду түздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1-августуна чейин мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулардын саны 495,5 миң адам оолсо, 16 жашка чейинки балдары бар жакыр үй-бүлөлөр - «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулдарды алуучулардын саны 311,2 миң адамды түздү.

Ошондой эле пенсияга укугу жок социалдык жөлөкпулдарды алуучулар 92,7 мин жаран жана 91,6 миң жаран «балага сүйүнчү» төлөмдү алышкан, - дейт "Де-Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости