www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFCнин эки дивизионунун мурунку чемпиону Би Жей Пенн дагы ызы-чуунун очогунда калды. Бул сапар да интернетке анын кезектеги көчөдө мушташкан видеолору тарады. Анын биринде Пенн бир эркекти сабап жатканы тартылса, экинчисинде өзү нокаутка учураган жери тартылган.

Маалыматтарга караганда, мурунку чемпион Гавайидеги барлардын биринде достору менен чогуу эс алып отуруп, бардагы кардарлардын бири менен анын ортосунда чыр-чатак жаралган. Экөө сыртка чыгып мушташа кетишкен. Видеодо Пенн жерде жаткан адамга бир нече сокку узатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй эле дагы бир видео интернетке таркап, анда өзүнүн нокаутка учураган жери тартылган.

Эске салсак, июнь айында Пенн Гавайидеги түнкү клубдардын биринин коопсуздук кызматкерин сабап салган эле.  

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости