www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттин өп-чап экономикасына карабай акылга сыйбаган иштерди жасаган билермандардын кылыгын көрүп бир туруп тан калсаң, бир туруп жаның кашаят.
Дегенибиз, Бишкектин Москва көчөсүн Ж.Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап үстүн кырып, жаңыдан жасап жатышат. Ырас, жаңысы эң жакшы, ага биздин эч кандай каршылыгыбыз жок. Эгер өлкөнүн бюджети төп келсе жолдун баарын зымыратып койсо деген тилектебиз.
Бирок, азыркы экономикабыз өчөйүп, өйдө көтөрүлө албай турган шартта, анан да ан-чуңкурга толгон жолдор жайнап турган мезгилде тешилип-оюлбаган жарактуу жолду кайра жасоонун кандай зарылчылыгы бар?
Эч ким калп айтырбайт, Москва көчөсүндөгү жол дагы далай жылга кызмат кылып бермек. Аны сыйрып жатканда далай адамдын ичи ачышты. Жетекчилер ойлонуп иш кылбайбы, же булар да акча кымырыштын оной жолуна өтүп алыштыбы?, деп "Де-Факто" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg