www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Андерс Брейвик Норвегиялык неонацист, террорист жана 2011-жылы 77 адамды өлтүргөн адам. Ал абакка болгону 22 жылга гана кесилген.
Аны жашоосу жомок сыяктуу, 3 бөлмөлүү түрмөдө жашайт. Жеке уктоочу бөлмөсү, душ, даараткана, бөлөк-бөлөк жайгашкан бөлмөлөр, ичинде машыгуучу жайы, оюн ойноочу бөлмөсү бар жана бир жыл ичинде Осло улуттук университетине дагы тапшырганга жетишкен. Жашаган жери абак эмес эле 4 жылдыздуу мейманкана сыяктуу.
Андерс Брейвик абакта жөн гана отурбай, керек болсо Норвегия бийлигин сотко бергенге жетишкен. Анын дооматы, Норвегия абагында ага муздак кофе берет, оюн приставкасы эскирген жана жаңысын алып берүүдөн баш тартышкан.
Албетте, Норвегия адам укуктарын коргогон, демократиялык өлкө катары Андерстин укугуң коргоого алып, сот бийликти 40 000 АКШ долларга жыккан.
Андан дагы мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууну, ал түгүл парламенттик шайлоого катышуу ниетин айтып талап кылууда.
Ал адамдарды өлтүрүүгө эч кандай күнөөсү жоктугун, анын аң-сезимин интернеттеги оюндар жана диний секталар ууландырып салганы менен актанууда. Ал эч бир иш кылбай күнү-түнү интернетте киши өлтүргөн, согуш оюндарын ойноп келген. Анын башка максаты болгон эмес.
Натыйжада, Ослодо жардыруу уюштурган. Бир нече адам өлүп, бир топтор майып болушкан. Андан соң балдар эс алган лагерде 69 адамды атып өлтүрүп, 100дөн ашык адамды майып кылган. Көбү жумушчулар партиясынын дебатына барган 18ге чейинки балдар болгон.
Элестеткиле эми, 77 кишини мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкердин талабын. Бул туура демократиябы?
Булак: NazarNews.kg