www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети жолдорду оңдоо үчүн салык жана жол төлөмдөрүн киргизүүнү сунуштоодо... 

Алар май куюучу жайларда май куюуда ар бир литр бензинге салык салгысы келет. Принцип боюнча: "ким көп саякаттаса - көбүрөөк төлөйт".

Алар бул жагдайды Кыргызстандын жолдорун коопсуз абалда кармоо үчүн жылына 10 миллиард сомго жакын каражат керектелээрин, бюджеттен 2 миллиард сом гана бөлүнөрү менен түшүндүрүшүүдө.

Долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип жатканы айтылды. 

Буга чейин, салык боюнча кассалык көзөмөл аппараты киргизилди. Машиналарды милдеттүү түрдө камсыздандыруу, бул сөзсүз техникалык кароодон дагы өткөрүүгө милдеттендирет. Медициналык камсыздандырууну киргизип жатышат. Ансыз ооруканага көрүнө албайсың. 

Мындан сырткары, светке, таза сууга, сугат сууга, жылуулукка, таштандыга,

Канализацияга болгон баалардын тарифтери көтөрүлдү.

Жакын арада жол кире акысын жогорулатат. 

Мына эч бир өндүрүш ачпай, завод, фабрика курбай,

Бир гана элдин жонунан кайыш тилип,

Казына толтурабыз деген Акылбектин акылынын жемиши.

Эми жаңы бүлөдөн нике түнү үчүн салык алыш керек,

Анан кош бойлуу келинге да, жаңы төрөлгөн баласына да салыкты очойто салыш кажет.

Бюджетти кой, бул акчалар кайда кетет?

Уялбай туруп элдин терисин сыйрып жаткан,

Элдин, сенин, менин чөнтөккө кир колун салып аткан,

Жоругун Жапаров "жакшылыктын айлампасы" атап алган...


Булак: NazarNews.kg

Последние новости