www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-9-майда Киевде эч кандай иш-чара болбойт

Киевдин мэри Виталий Кличко 8-9-май күндөрү шаарда Жеңиш күнүнө карата эч кандай иш-чара өткөрүлбөй турганын билдирди.

«8-9-май күндөрү аскердик командачылык Киевде жана облуста коменданттык саат киргизүүнү азырынча пландай элек. Шаарда бул күндөрү да иш-чара өткөрүлбөйт. Анткени, эске сала кетейин, аскердик абал учурунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Кимдир-бирөө гүл коюуга баргысы келсе, аны өзүнчө жасай алат», — деп жазган Кличко өзүнүн Telegram каналында.

Ал белгилегендей, бул күндөрү көчөлөрдү кыдырып, коомдук тартипти сактоо күчөтүлөт.

Белгилей кетсек, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленет.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости