www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сергей Есенин үч жолу үйлөнгөн. Акындын биринчи жубайы (Анна Изряднова менен болгон жарандык мамилесин эсепке албаганда) актриса Зинаида Рейх болгон. Экөө 1917-жылы таанышкан.
Ошол эле жылы алар баш кошууну чечишет, бирок, нике ызы-чуу жана чырчатактар менен коштолгон. Ошондуктан, экөө ажырашканга чейин эле бөлөк жашап калышат. Есениндин көп достору “Зинаида акындын жалгыз чыныгы сүйүүсү болгон” деп айтышчу.
Ортолорунда эки бала болгонуна карабастан, жубайлар ажырашууну чечишет. Бирок, Всеволод Мейерхольдго турмушка чыккандан кийин деле Рейх мурдагы күйөөсү (Есенин) менен жолугушуп жүргөн...
Сергей Есениндин экинчи жана эң белгилүү аялы – бул америкалык бийчи Айседора Дункан. Бири англисче, бири орусча араң сүйлөсө да, экөө бири-бирин жакшы түшүнүшчү.
1922-жылы сүйүшкөндөр баш кошууну чечишет да Германия, Бельгия, Италия жана АКШга гастролго чыгышат. Бирок, Дункандын спектаклдери зор ийгилик менен өтсө, Есенин тескерисинче, өзүн эч кимге кереги жоктой сезчү.
Сергей Есенин үчүнчү жана акыркы жолу Лев Толстойдун небереси Софияга үйлөнгөн. Бул кыз чоң энесиндей чыдамкай, жоош эмес эле, акындын “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген жапайы жашоосуна чыдабай, аны кайра тарбиялоону чечет.
Бирок, үч ай болуп-боло электе Есенин “куйрукту түйүп”, качып кеткен...
Булак: Азия News гезити