www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-январда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6.

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 0…2°, күндүз 9…11° жылуу болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости