www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ис уруудан кантип сактануу керек? ӨКМден кеңеш

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске уулануунун алдын алуу боюнча бир нече кеңештерди айтып берди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болгондуктан, өзгөчө коркунучтуу. Иске уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт. 

Алсак, транспорт каражаттарынан чыккан газдан,  көмүртек кычкылы менен уулануу турмуш-тиричилик газынын чыгышынан же приборлордун иштен чыгуусунан, өрткө уулануудан да болушу мүмкүн. 

“Уулануунун негизги себеби - мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, мештин эшиги өз убагында жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мештин жана мордун туура эмес иштеши, мештеги жаракалар кайгылуу окуяларга алып келет”, - деп билдирди ӨКМ.

Адамдын организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жарша уулануун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат. Эң коркунучтуусу адам өмүрү менен кош айтышуу. 

Министрлик иске ууланган адамды байкап калганда аны дароо сыртка алып чыгуу керек экенин эске салды. 

Ууланган адамга жардам көрсөтүүнүн алгачкы кадамдары:

- аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;

-  бөлмөлөрдү желдетүү үчүн терезелерди, эшиктерди ачуу; 

-  жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстуктугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу жакшы. 

- адамдын акы-эси жайында болсо, таза абага үзгүлтүксүз чыгуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылып, денени сүртүү зарыл. 

- жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.

Өрт коопсуздугунун эрежелерин туура сактоо боюнча кеңештер 

Өзгөчө кышында иске ууланып, өмүр менен кош айтышкандар көп кездешет. Андыктан, кышында өрт коопсуздугунун эрежелерин туура сактоо зарыл:

- бузулган электр розеткаларын жана вилкаларын, өчүргүчтөрдү           колдонбоо керек;

- колго жасалган электр жылыткычтарын колдонбоо керек;

 - күйүүчү материалдарды чатырларда, жер төлөдө сактабоо керек;

- балдарды үйдө кароосуз калтырбаш керек;

- тиричилик электр приборлорун, радио жана телевизор жабдууларын,    күйгүзүлгөн газ плиталарын кароосуз калтырбаш керек;

 - күйүүчү объекттердин жанына электр жылыткычтарын орнотууга болбойт;

- морлорду жана жылытуучу мештерди тазалоо керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости