www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул бийлик да Бабановдун көз жашын шолоктотуп 2021-жылы майдын аягында аны Кумтөр үчүн СИЗОго тыккан. Бабановдун ичинен жел өтүп, «предсмертная записин» жазып жиберген себеби ал өкмөт башчы болуп турганда  Кумтөрдүн табиятын коргоо боюнча комиссия түзгөн жана  өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Кумтөргө ыроологон 16330 га жерди жокко чыгарган. Өмүрбек Бабанов «предсмертная записин» айла жогунан жазып ажалдан, андан тышкары камактан аман калды деп жүрүшөт. Баямандын да «предсмертная записин» жазышкан. Арийне, ал өзү жазгандай эмес. Бул кат орусча көркөмдөлүп жазылган. Кээ бирөө орус тилин мыкты билген анын жубайы азыркы депутат Чолпон Султанбековадан да көрүшкөн. Чолпон айым кат жазмак түгүл  Баямандан айрылып калууну да ойлогон эмес. Баяман 2005-жылы Бакиевге каршы топтун эң биринчи фигурасы болгон. Кулов ага каршы чыгып республикалык штабга Атамбаевди коюп, Баяманды өзүнө алат. Бирок көп өтпөй ал тандем түзүп кетет. Арийне, Баяман Эркинбаев катуу удургуп баратып, 2005-жылы күзүндө атылып кеткен. Ошол атылар алдында «предсмертная записин» жазган дешет. Бул катты чоң иштерди жасайм деген бирөө атайылап жазып, коомдук пикир жараткан да, андан ары башка иштерди жасоо үчүн Баяманды катардан чыгарган.

Чандырынан чартаңбай тээп өскөн Бабанов абисинин убагында күүлөнүп эч ким ага жеткен эмес. Азыр билмексен болуп жатканы менен, бийликти кантип алмаштыра койом дегенде “ак эткенден, так этип” турат. Ал “А”, “Б”, “В”, “Г” “Барбаросс“ жеңилбес пландарынын түзүп, чычкан аңдыган мышыктай өңүтүн күтүп үңүүдө. Аны учурунда колдогон Назарбаевдин эстелигин Ысык Көлдөгү “Рух Ордосу” комплексинен алып салды. Ал эми Бабанов “кой терисин жамынган карышкырдай” абалда жүрөт. Айдар Акаевдин жан дос кылып жүрүп, 2005-жылы 24-мартта телефон аркылуу кол үзүшкөн. Максим Бакиевдин таманына жыгылып жүрүп биринчи вице-премьерге жеткен, Шарипа Садыбакасованын “Кыргызстан” банкын рейдерлик жол менен тартып алгандан башка жарытылуу деле иш бүтүргөн жок. Отунбаева апчеси бийликке келер менен оюн салып кайрадан бийликтин шорпосун иче баштады. Ошол бойдон бийликтин “тагынан” 2017-жылга чейин түшкөн жок. Абиси Атамбаев президент болгон соң өкмөт башчысына чейин өмгөктөп келди. Бирок, Текебаев, Ташиевге окшогон сүзөнөктөр премьер-министрдин “креслосуна” отургузбай сүзүп түшүрүштү. Арийне, абиси Атамбаев далысынан таптап СДПКдан кийинки экинчи орунга түртүп, жөөлөп келатты.

2017-жылы августта 3 пайыз кадыр-баркы бар деп Бабанов айткан Сооронбай Жээнбековго Атамбаев Владимир Путинге Сочиден жолугушуп бата алып келет. Мен президент болом деп эрдемсинип турган Бабанов ага каршы талапкерлигин койот, аны менен бирге Бабанов президент болуп калса премьер-министрге умтулган Бакыт Төрөбаев да бар. Атамбаев экөөнү тим койот. Сооронбай Жээнбеков өзүнө жан тарткандар менен тез эле шайлоонун алдындагы кадыр-баркы Бабановдон ашып кетет. Августтун аягында премьер-министрликтен кетип шайлоонун камын ойлоп калат. Премьер-министрге Атамбаевдин камчысын катуу чапкан Сапар Исаков келет. Ошол үчүн өкмөт башчысынын ролун Конституция боюнча бекемдеген Атамбаев акыры жүрүп президентти Англиянын королевасындай кылып колу-бутун бекем таңып, өзү супер бийликти алып премьер –министр аркылуу башкарып турмак.

Ушундай оомалуу –төкмөлүү заманда Бабанов Назарбаевге кирүүгө далалат кылат. Назарбаевге кириш үчүн Бабанов 1 000 000 доллар чыгымдаган деп жүрөт. Жөн эле кириш үчүн. Андан көрө ал акчаларды элге берсе эмне. Назарбаев Бабанов менен жолугушкан соң кыргыздарга кыр көрсөтө баштайт. Казактар кыргыздарга кыр көрсөткөндөй ким эле. Ушул жерден чындыгын айтып коюш керек, Атамбаевдин ачуусу катуу келет да Сооронбай Жээнбековго жан тарта баштайт. Ал Назарбаевдин буюртмасына баш ийбей, толгой чарткан кыл аркан деп, моюн толгоп койот. Атамбаев Бабановду колдоодон моюн толгогон соң Назарбаев өзүнүн Бабанов түзүп берген пландарын ишке ашыра баштайт. “А” планы боюнча Казакстандан өтө турган транзиттик жүктөрдү жаап койот. Казакстандан Орусияга өтө турган азык –түлүктөр Бажыканада чирий баштайт. “Б” планы боюнча Назарбаев Атамбаев каршы көрүнбөс согуш ачат. “В” планы боюнча Сооронбай Жээнбековду колдогондордун кадыр-баркын түшүрүп кемсинте баштайт. “Г” планы боюнча өзүмдү-өзүм билем деп чамгарактап турган Назарбаев дүйнөлүк аренада Кыргызстандын кадыр-баркын түшүрө баштайт. Бирок, Орусиянын президенти Путин Сочиде Сооронбай Жээнбековго бата бергенинен улам калыс позицияда калып калат. Ошондуктан, Орусия Бабановду көп колдогон жок, албетте, Бабанов акча берсе материалдарын чыгарып берип жатты.

“Предсмертная записин” жазып Кумтөрдөн кутулган соң 2021-жылдан бери дымагы өчүп калган Бабанов кайрадан түтөй баштаптыр. Аман эле болсун, бирок бул бир түтөгөндө, өрттөй жанып кетчү эле...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости