www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык өнүктүрүү каржы институттарына кайрылуу жасады.

Ал сөз башында өлкөдө ыш маселеси акыркы жылдарда эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп калганын белгилеген.

«Ыш күз-кыш мезгилдеринде өзгөчө талкууга алынып, мында жылытуу үчүн көмүр пайдалануунун дагы үлүшү аз эмес. Бул маселени чечүү комплекстүү мамилени талап кылары талашсыз. Президенттик кызматымдын биринчи жылында мен экология жана жашыл экономика маселелерин мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири катары аныктагам.

Биздин демилгебиз менен БУУ 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыяласа, өткөн жыл Кыргызстанда да «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттүү маселелери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде, миң жылдык мөңгүлөрү бар Кыргызстанга да тиешелүү.

2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында Климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин ачылышындагы кайрылуумда Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартууну көздөөрүн, ал эми 2050-жылга көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын билдирген элем. Ага ириде гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн аркасында жетишүү мүмкүн», — дейт ал.

Ал билдиргендей, Кыргызстан гидроресурстарга бай өлкө болгону менен электр энергияны сырттан сатып алуу мажбур болууда.

«Суу ресурстарынын башында турганыбызга карабастан, эгемендүүлүк жылдарында жаңы ГЭСтерди кура албай, кышында электр энергиясын импорттоого аргасыз болгонубузду өкүнүч менен белгилейм. Эгемендиктин отуз жылында мазут, көмүр жана буга чейин болгон ГЭСтерден эле күчүбүздү чыгарып келгенбиз. Учурда биз гидроэнергетикалык дараметибиздин 10%га жакынын гана пайдаланып жатабыз.

Ошондуктан, менин тапшырмам менен акыркы эки жылда өлкө боюнча кичи жана орто ГЭСтердин курулушу жигердүү башталып, инвесторлорго жеңилдиктерди берүү боюнча тиешелүү ченемдик документтер кабыл алынды.

Келечекте ата мекендик энергетиканын флагманы боло турган эң ири курулуш «Камбар-Ата-1» ГЭСи башталды. Бул долбоорлорду ишке ашыруу менен Кыргызстанды чындап эле энергетикалык жактан көз карандысыз, электр энергиясын чет өлкөлөргө экспорттой турган өлкө деп атоого болот. Балким, мындан илгери жылдарда буга көбүрөөк көңүл бурулса, бүгүн ыш маселеси мынчалык курч турмак эмес. Күз-кыш мезгилинде электр энергиясын жылуулук үчүн көбүрөөк колдоно алмакпыз», — деп жазды Жапаров.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багыт алды.

«Дүйнө жүзү буга өзгөчө көңүл бурууда. Ошондуктан мен өлкөнүн тышкы карызын «жашыл» долбоорлор боюнча демилгелерге алмаштыруу маселесин жигердүү иштеп чыгууну тапшырдым.

Айта кетсем, бүгүнкү күндө тышкы карызыбыз 4,2 млрд АКШ долларынын тегерегин түзүүдө. Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз.

Тышкы карызга төлөнө турган каражаттар «жашыл» долбоорлорду колдоого жумшалса жакшы болмок. Бул багыттагы долбоорлорду донорлор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр эле каржыласын дегенден алыспыз. Аларды ишке ашыруу үчүн өзүбүз дагы каржылык жактан салым кошуп, ишке ашырып келе жатабыз жана ашырууга даярбыз», — дейт ал.

Ал билдиргендей, жашыл экономика жөнүндө кептер көптөн бери ар кыл деңгээлде айтылып, тилекке каршы, басымдуу учурда сөз бойдон эле калып кетүүдө.

«Келиңиздер, бул жагдайды биргелешип өзгөртөлү. Жашыл экономика жаатында дүйнө өлкөлөрүнүн арасында аябай эле артта калып жатканыбыз жашыруун эмес. Биз бул жагдайды болушунча тез өзгөртүүнү ниеттенип жатабыз.

Бул демилгебиз донор өлкөлөрдө, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдө колдоо табат деп ишенебиз. Азыркы учурда Кыргызстанда элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСтери курулууда. Бирок бул дагы жетишсиз. Бизде даяр инвестициялык долбоорлор бар. Чакан ГЭСтерден баштап, 1000 МВт чейинки кубаттуулуктагы ГЭСтерди курсак болот, створлору даяр.

Өлкөдөгү энергетикалык объектилерди жана ГЭСтерди курууга Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы институттары катыша алмак. Биз биргелешип Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашырабыз, анын ордуна тышкы карыздар кечирилсе жакшы болмок деп ойлойбуз. Жашыл экономика багытында курулган бул объектилердин кызыл тасмасын донор өлкөлөр менен чогуу кесмекпиз.

Биз, бардыгыбыз балдарыбыздын экологиясы таза, бай өлкөдө жашашын каалайбыз. Биз өз дараметин ырааттуу пайдаланган, чыныгы энергетикалык көз карандысыз өлкө болгубуз келет. Андыктан, мамлекет экология маселесине жана жашыл экономикага көбүрөөк көңүл буруп, бул багытта ишмердүүлүгүн уланта бермекчи», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости