www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким жегич десе тизменин ана башында Жээнбеков турат. Президенттер эл-журттун жашоосун ойлоп жаны кейип турганда Жээнбеков эч кимди көзгө илбей кайсай берген. Анын кулкунуна 400 обьект тыгылып, менчиктештирүүнүн пайдасын жалгыз Жээнбеков көргөн. Учурда кайсы арына Өзбекстандан жер талашып жүргөнүн эч ким билбейт. Андан көрө жеп алган 400 обьектти элге кайтарып берсе болмок. Жээнбековду эң алгач президент Аскар Акаев Ак үйгө алып келген. Акаев он беш жыл президент болду, эгерде ал Жээнбековдой жулунуп жей берсе, анда Кыргызстан биротоло мүлжүнүп, жылаңач калмак.

Акаевдин убагында Бекболот Талгарбеков деген айыл чарба боюнча вице-премьери болгон. Бул адамды депутаттар парламаменттен өткөзүп же вице-премьер, же айыл чарба министри кылган эмес. Себеби ал Жээнбековго окшоп сугунганды ойлогон эмес, ал эмне болсо да айыл чарбасында реформа жасоону ойлоп партократтарга жаккан эмес. Партократтар Талгарбековду көргөндө  «жууратка түшүп калган чымындай» көрүшүп, жиндерин чыгарып алышчу. Ошол кармаш жүрүп-жүрүп отуруп Талгарбековдун жеңиши менен аяктады. Ошого да болбой айыл чарбасына өзгөчө реформа кылганына карабай Талгарбековду чымчып кеткендер бар.

Ал эми башынан ылдый баткакка чыланган Жээнбеков мындай алгылыктуу иштерге кийлигишкен жок. Аны президенттин жардамчысы катары дайындады. Ал мезгилде Аскар Акаев тышкы иштер менен алек болуп, ал эми жардамчылары Кыргызстандын ичин өзү билип калган. Равшан Жээнбеков жаштык жалынына салып Акаевдин көңүлүнө тез эле жакты.  Аны чагылгандай тездик менен көтөрүп Президенттик аппараттын Иш башкармачылыгынын төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындаган. Жаш жигит иштеп жатат, өсүп жатат бул биринчиден, экинчиден Акаевге жакканы жубайы Майрам Акаеванын иниси. 2001-жылы Мамлекеттик Мүлк комитетинин төрагалыгына дайындайт. Бир заматта Жээнбеков мамлекеттик 400 обьекти арзан баада сатып, өзү да байлыкка туйтунуп чыга келди.

 Жээнбеков Акаевке жардамчы болуп, апчеси Майрам Акаева Мүлк фондун башкартып койгондо, саясат жагынан Бабанов «чүкө» ойноп жүргөн бала болчу. Балким, ал деле жээни Айдар Акаев менен бизнестин битин сыгып, тиешелүү адамдарга рейдерлик кылып жүргөндүр? Илимдин доктору Аскар Акаев «Экономика физиктин көзү менен» деген фундаменталдуу эмгек жазган. Чындыгында, «физиктин көз карашы» боюнча Кыргызстанды Аскар Акаевдин жердештери кеминдиктер тейлеп, «коммунизмден» «кеминизмди» көздөй баратканбыз. «Физиктин көз карашы» боюнча экинчи чоң топ жубайы Майрам Акаеванын классташтары, ага-инилеринен түзүлгөн таластыктар тобу элди мүлжүгөн.

Акаевдин мээси голографияны билип дүйнөлүк окумуштуу болгону менен Жээнбековдун келечегин көрө алган жок. Анткени, Акаевдин башына кара туман айланар менен өзү көтөрүп келген Равшан Жээнбеков эң биринчи каршы адамына айланган. 2005-жылы аны маммүлктү башкартып байлыкка бөлөгөн Акаевди сатып, таластан туу көтөрүп чыгып бийлик үчүн, байлык үчүн Акаевдин кетишине чоң салым кошту.

Курманбек Бакиев аны тим койгон жок Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Толук укуктуу Элчилигине койду. Жээнбеков  АКШдагы Түндүк Америка Евразиялык Университетинин департаментинин директору болду. Равшан Жээнбеков андан кийин алыскы мамлекетке элчи койгон Бакиевди сатты, оппозицияга өтүп ага ор казып, 2010-жылы бийликтин алмашуусу үчүн күрөштү. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен биригип парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартышса да, догурунуп жатып депутат болуп келди. Убакыт өтпөй Текебаевдин «Ата-Мекенине» каршы чыгып, аны да сатты.

Жээнбековго да киши ишенеби? Жээнбеков мамлекеттик 400 обьектин арзан баада сатып, өзү кыргыздын олигархына айланганы менен көзү акчага тойбойт. Кайсы чыр-чатак болбосун акча үчүн жанын жер сабап жүргөнү жүргөн. Жээнбеков Батыштан ала турган пайдага келгенде өз энесин да сатып кетет. Жыйырмадан ашык саясатчы, бейөкмөтчү, блогер, активисттер камакка алынышканы белгилүү. Тергөөчүлөр шакылдата кылмыш иштерин козгошуп, соттор баш коргоо чарасын карашты,кээ бирөө айлап камакка алынышты. “Өлгөндүн өзүнүн шору” дегендей, камалгандар өздөрү кыйналышат, моралдык-психологиялык кысымга кабылышат. “Кемпир-Абадды коргоо” кыймылына бириккендерди Равшан Жээнбековдун жакын адамы, Т... аттуу жардамчысы сатканы чын экен, анткени ал тымызын маалыматтарды берген деп жүрүшөт. Бул боюнча оппозициянын айрым тарапташтарынын арасында талаш-тартыш жаралып Жээнбековго карата жек көрүү сезими пайда болуптур. Анткени, Равшан Жээнбековдун жакын адамы дүңүнөн “туздап” кеткенин билип калышыптыр. “Ичтен чыккан ийри жылан” деген кеп ушундан калган окшойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости