www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери унааларды өрттөгөн деп шектүү 51 жаштагы аялды колго түшүрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден маалымдашты.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-январында түнкү саат 3.00дөр чамасында Аламүдүн РИИБине Лебединовка айылындагы көчөлөрдүн биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, машина саткан менчик дүкөнгө белгисиз адам өрт койгондуктан сегиз унаа күйүп кеткени маалым болгон. Натыйжада салондун ээлери арыз жазышкан", — деп айтылат маалыматта.

Видеокөзөмөлдү карап чыккан укук коргоочулар ага белгисиз аял дүкөндүн аймагына кирип унааларга бензин чачып, атайлап өрт жакканын байкашкан.

Эске салсак, 3-январда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк үй камагына кое берилген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси боюнча ("Башка бирөөнүн мүлкүнө өрт коюп жок кылуу") тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелип жатат.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости