www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя Самарканд облусунун Кушрабад районунда болгон. Милициянын билдиргенине караганда, 9 жаштагы кыз аймактын тоолуу айылдарынын биринде зордукталып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аны зордуктоого шектелген 82 жаштагы киши кармалып, кылмыш иши козголгон.

Бирок, карыя үйүнө бошотулган. Буга кыздын таяжелери нааразы болуп, арызданышууда. Ал эми Кушрабад райондук ички иштер бөлүмү 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганын тастыктап, себебин айтышты. "82 жаштагы карыяны камап кое албайбыз. Биз андан райондон чыкпоо боюнча тил кат алдык. Эң башкысы ал сотко келсе болду", – деп жооп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости