www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын тилинен чаңы чыккан ак таңдай акыны Аалы Туткучев, белгилүү теледиктор Бактыбек Мамытов тууралуу жакшы пикирин өзүнүн социалдык тармагына жүктөдү.
КР эл артистти, "Даңк" медалынын ээси Бактыбек Мамытов. Эч кимге душмандык кылбасаң да сага душмандык кылуучулар четтен табылат. Бирок, бул кишинин душманы жоктой сезилет. «Адам кумурага окшош, ичине эмне толтурулса оозунан ошол төгүлөт”-дейт. Куттуктоо, каалоо-тилек, ак-бата, жакшы сөздөрдү гана сүйлөгөн адам. Демек, жүрөгү ошол нерселер менен толтурулган. Бир да киши жөнүндө жаман пикир айтканын уккандар болбоптур. Эч кимдин суранычын четке какпаптыр. Жакшылыктын символу болгон Сиздей адамдар кызыл китепке кирип калган заманда жашап жатабыз.
Абай Кунанбаев:
Жамандар мен жаксы-деп айхайлайды,
Жаксылар мен жаксы-деп айталмайды.
Жүргеннен соң бауырында күнде көрип,
Таулардын бийиктиги байкалмайды-деген эмеспи. Жамандар өзүн же партиясын мактап кыйкырып жатканда, бул киши унчукпай иш жасап жатат. Оорубаңыз, көп жашаңыз! Жакшы адамдар көп болсо экен ылайым, деп жазган акын Аалы Туткучев.
Булак: NazarNews.kg