www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылында сибирь жарасы катталгандыктан, карантин киргизилди. Бул тууралуу журналисттерге аймактын администрациясы билдирди.
Буга чейин сибирь жарасына шектелген сегиз адам ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө тогуз адам дарыланып жатат.
Аткаминерлердин айтымында, буга байланыштуу Тогуз-Булак аймагына 25-августка чейин карантин киргизилет. Айылдын тургундарына малдын ар кандай түрүн алып кирүүгө жана экспорттоого, ошондой эле союуга тыюу салынат.
Эске сала кетсек, эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө мал союга тогуз адам катышкандыгы аныкталган. Эт Талдык, Тогуз-Булак, Кызыл-Байрак жана Беш-Мойнок айылдарына таратылган. Жалпысынан байланышта болгондор 285 адам экени аныкталган. Байланышта болгондор антибиотик алып, медициналык көзөмөлдө турат.
Бүгүнкү күндө айылдагы бардык малдар эмделди.
Булак: NazarNews.kg