www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык соту Президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын күчүндө калтырды. Ал СИЗО-1 мекемесинде 13-апрелге чейин болот.
Жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирген маалымат боюнча, 3-мартта Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыгерлердин консилиуму өткөн.
«Дарыгерлер 9-мартта бүтүм чыгарышты. Анда Ф.Ниязовдо III стадиядагы III даражадагы жогорку коркунучтагы гипертония бар экени айтылган. Өкмөт тарабынан бекитилген тизме боюнча, мындай оорусу бар адамдар камакта болбошу керек», - деди жактоочу.
Булак: NazarNews.kg