www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип чыкты. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча суракка алынганын, тергөөнүн ага карата дагы суроолору болсо келип көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эскерте кетсек, А.Сегизбаев 7-августта Кой-Таштагы кагылышта ок тийип, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Бирок, бүгүн 13-августта УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын, ал өзү качып баратып чалынып жыгылганын айткан.

Анын шефи Атамбаев 26-августка чейин камакта калган. Андан тышкары, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов, Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынып, бир топ адамдар суракка алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости