www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Андан сырткары, ИИМдин Басма сөз кызматы: "Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен Чүй ОИИББдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп, Асаналиев Сапарбек Тилекович дайындалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп жүргөн.

Эске салабыз, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуяда Чүй ОИИББдин башчысы Курманкулов Самат Ажыгулович башынан оор жаракат алган. Учурда Москва шаарындагы ооруканада даарыланууда. Курманкулов Самат Ажыгулович толук сакайып кеткенге чейин Чүй ОИИББдин башчысынын милдетин убактылуу аткаруу Асаналиев Сапар Тилековичке жүктөлдү", - деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости