www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер, мурунку Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен өлкөдөгү акыркы окуялардын тегерегинде пикир алышып, Кой-Таштагы окуяга ким күнөөлүү, окуяны болтурбоого болот беле? - деген суроолорго жооп издедик.  

--Дастан Исламович, өлкөнү 6 жыл башкарган Атамбаев бир аскерди атып өлтүрүп, алтоосун жарадар кылып, 98 киши жабыркап, борбор калаабызга ызы-чуу салып, бүгүн камалып олтурат. Дүйнө жүзүнө кыргыз элин, мамлекетин жер каратып, шерменде кылбадыбы. Буга ким күнөөлүү? Мунун себеби эмнеде?

--Атамбаев президент болсун деп добушун акчага саткан, аракка жакын экенин билип туруп добушун берген шайлоочулар күнөөлүү. 6 жылда өлкөнү менчик фирмасындай башкарып, каалагандай калчап, эл казынасына 350 миллиард сом зыян келтирип, 7 жолу өкмөттү алмаштырып, аны шал кылып, чындыкты бетине айткандарды жалган жалаа менен каматып, паспортто кыргыз улуту көрсөтүлбөсүн деп референдум өткөрсө да балык болуп, каяша айтпаган, намысын жоготкон, коркок, баарына кайдыгер караган ар бир кыргыз бул окуяларга күнөөлүү.

--Атамбаев ким экенин жакшы билип туруп, аны элге мактап, президенттикке көрсөткөн Убактылуу Өкмөт да күнөөлүү десе болобу?

--Шайлоочулардын 50 пайызы катышканда гана президенттик шайлоо таанылат деген Башмыйзамдын жобосун мыйзамсыз декрет менен жокко чыгарган, шайлоо күнү мыйзам уруксат бербесе да Атамбаевге добуш бергиле деп элди үгүттөгөн Отумбаеванын күнөөсү чоң. 2011-2-17-жылдары Атамбаев элге каршы кылган кыянат иштери, мамлекетти кыйратууну көздөгөн кылмыш иштери үчүн Отумбаева да кошо эл алдында жооп бериши керек.

2012-2016-жылдары Атамбаев жасаган кылмыш иштерин – Батукаев, ЖЭБ, Датка-Кемин, бажы, сот тармагындагы коррупция жана башкаларды жакшы билип, бирок калыс сөзүн айтпаганы үчүн Отунбаеванын тийешеси да бар деп бааланышы зарыл (“Как моральная соучастница всех преступлений Атамбаева”).

Атамбаев кан менен келип, кан менен кетти. Отунбаева, Каптагаев, Сариев жана башка кан менен келгендер да кан менен кетет… Атамбаевдин камалышы – Убактылуу Өкмөттүн доору бүткөнүнүн башталышы, бирок аягы эмес… Аягы дагы алдыда. 7-апрель 2010-жылы шейит кеткен 90 баатырдын каны буларды коё бербейт. Бул – бабалардан калган сөз. Атамбаевдин тагдыры – башталышы гана…

--7-8-август күндөрү болгон окуялардын негизинде 4-5 беренелер менен кылмыш иш козголуп, далай кишилер суракка чакырылып жатат. Бул окуяларга жеткизбей аракет кылса болот беле?

--Албетте, болот эле. 3 ай мурун Атамбаев “Бул бийликти тааныбайм, ага баш ийбейм” дегенде дароо прокуратурадан эскертүү берилиши керек эле.

Башмыйзамдын биринчи беренеси “Кыргыз Республикасы – эгемендүү” деп башталат. Эгемендүү деген сөздүн мааниси: “Кыргыз Республикасында легитимдүү бийликти баары тааныйт жана баары ага баш ийет” дегенди түшүндүрөт. Атамбаевдин “Бул бийликти тааныбайм” дегени, эгемендикке кол салуу, ага шек келтирүү, мамлекеттин Конституциясылык негиздерин кыйратууну көздөгөн кылмыш иштин башталышы деп бааланып, прокуратура мыйзамдуу чараларды өз убагында көргөндө, 7-8-августагы окуялар болбойт эле.

“Бул бийликти тааныбайм” деп Атамбаев “Апрель” телеканалы аркылуу жалпы элге байма-бай айтып жатты. Мында да ага эскертүү берилген жок. Кой-Таш айылында элдик штаб түздү. Анда да мыйзамда каралган бир да чара көрүлбөдү. Слесарев жактоочусу мыйзамдарды чечмелеп, түшүндүрүп, далай жолу жалган сүйлөдү. Мыйзамдарды чечмелөө укугу жалаң гана Жогорку Кеңешке берилген.

Бирок, бул бейбаштыкка да күч органдары, сот чара көргөн жок.

--“Альфа” атайын тобу Кой-Ташка барганы ката болде деп жатышпайбы?

--“Альфа” кызматы террористерге, экстремистерге каршы түзүлгөн. Атамбаевди күбө катары алып келгенге Ички иштер министрлигинин атайын кызматы барса мыйзамдуу болот эле.

Анын үстүнө, кечки саат 7-8де эл тамакка көп санда келгенде 20 аскер барганы – акылга сыйбаган иш болду. Мындай иштер эрте таңында аткарылат…

--“Калыс Ордо” өткөргөн чогулушта сиз “Атамбаевдин 6 жыл башкаруусу кыргыз элине зор жоготууларды алып келген тарыхый сыноо болду. Бул сыноодон өтпөй калдык” деп айттыңыз. Сыноо деп эмнени түшүнсө болот?

--Газды Өзбекстандан арзан баага сатып алып, керектөөчүлөргө кымбат баада саткан “Кыргызгаз” кантип 4 миллиард сом зыян тартып банкрот болот?

Анын жетекчиси СДПКнын мүчөсү, Атамбаевдин досу Кулмурзаев акчаны шайлоого жумшаган деп канча гезит жазды? “Кыргызгазды” бир долларга сатып, Атамбаев маселени жаап салды. “Армянгаздын” (“Кыргызгаздан” үч эсе кем) 30 пайыз акциясы 180 млн долларга сатылса, эмне үчүн “Кыргызгаз” бир долларга сатылды? – деген суроону эл койдубу? 2010-жылы Токтогул суу сактагычта 19 млрд метр куб суу, 2012-жылы 12 млрд метр куб болуп азайып, суу сатылып, Шадиев, Илмиянов, Атамбаев далай пайда таап, эл свети жок олтурганда канча адам бул маселени көтөрдү?

Төрт миллиард доллар алтыны бар Жерүй кенин 100 млн долларга сатып, маселени Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да карабай, Атамбаев жалгыз өзү чечип койгондо таластыктардан башка ким чыркырап, чырылдады эле? Ушул маселени көтөргөн балдар бүгүн да чет өлкөдө качып жүрүшөт…

Бажыдагы коррупциядан Атамбаевге бергенден калганы 680 млн доллар 6 жылда сыртка которулганын “Азаттык” иликтеп, далилдеп берди.

ЕврАзЭСтин комиссиясы бажыдан сол чөнтөккө 4 миллиард доллар кеткенин аныктады.

Мыйзамдарды тебелеп, журналистти УКМКнын төрагасы, эки жансакчысын анын эки орун басары кылды, дагы бир жансакчысын ички иштер министр, жаш келинди башкы прокурор кылып, “Нарын эли малсыңар, Талас эли эл эмес” дегенде Темирлан Ормуков менен Анатай Өмүрканов гана ачык каршы чыкты. Нечен жүз академиктер, эл акындар, Манас ордени менен сыйлангандар, мурдагы депутат, министрлер үн каттыбы? “Көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин” дегендей балык болуп жатышпадыбы! Бүгүн да унчукпай билмексен, укмаксан, көрмөксөн болуп жүрбөйбү! Бул мезгилдин тарыхый сыноосу эмей эмне! Атамбаев 6 жылда кылган кылмыш иштерин тизмектесе 6 барак кагазга батпайт!

--Атамбаев быйыл эмес, 4-5 жыл мурун эле баарын аймап, жуткан 6 баштуу ажыдаарга айланган экен да…

--Туура. 2012-2013-жылдары эле ажыдаар болуп, Батукаевди бошотуп, бүгүн канча адам сот жообуна тартылып жатат! 2014-жылдан баштап Атамбаев алты баштуу ажыдаардын жегенине тойбой, жети баштуу желмогуз болуп, кен байлыктардын баарын сата баштаган, Дача-СУга кулаган учак Гонконгдон Бишкекке 51 жолу каттаганын гезиттер жазып чыкканы бекер эместир?!

--“Жаңы бийликти тааныбайм, тергөөгө барбайм” дегени бекер эмес экен да. Өзүн жердеги Кудай, асмандагы Кудайды өзүнүн орун басары катары сезип калган турбайбы?

--Ошол үчүн спецназдын подполковнигин атып, 6 жоокерди жарадар кылдым деп мактанып билдирүү жасабадыбы!

6 жылда прокуратура, УКМК, ИИМде далай башкармалык, бөлүм башчы жетекчилерине үй берип, кызматтан көтөрүп, кезексиз наам ыйгарганы үчүн алар Атамбаевдин жакшылыгын унутпай, 7-8-августта болгон окуялар үчүн өтө жеңил беренелери менен айып коюп жатышат.

Чын-чынында, 8-август күнү бийликти күч менен басып алуу аракети болгон, акыркы 3 ай бою Атамбаев эгемендүүлүккө кол салып, аны уратууну көздөп, аракеттенген. Бул эки кылмыш иши мамлекеттин Конституциялык негиздерине каршы жасалган өтө оор кылмыштар деп таанылат. Бирок, Атамбаевге жан тарткан прокурорлор, тергөөчүлөр Атамбаевдин күнөөсүн жеңилдетүүгө далбастап жатат. Анын акчасы чексиз экенин да жакшы билишет…

--Акаев, Бакиев дагы ажыдаарга айланып, эл байлыгын аёсуз жеп тоношту. Атамбаев экөөнөн ашып кетти. Бул абал кыргыз элин Кудай өзү жазалап жатканыбы?

--Буга Кудайдын тийешеси жок. Анын иши көп, Кытай, Индия, Америка, Европа жана башка өлкөлөрдө болуп жаткан күйгүйлөрдөн колу бошобой жаткан болушу керек… Президенттерди ажыдаарга эл өзү айлантып жатат. Эл добуш берип, кабыл алган Башмыйзамдын баарында “Президент эгерим эч кимге, эч качан жооп бербейт. Ал колтийбестикке ээ.” Деп жазылып турат.

Өлкөдө баардык маселелерди өзү чечип, бирок эч кимге жооп бербеген киши 2-3 жылда сөзсүз ажыдаарга айланганын Акаев, Бакиев, Атамбаев далилдеп берсе да акылга келбей жатпайбызбы…

Бүгүнкү Башмыйзам ким президент болбосун, аны тез эле ажыдаарга айлантат. Президенттин кол алдында эгерим эч качан, эч кимге жооп бербеген 120 майда ажыдаар, 40-50 министр, губернатор, аким балапан ажыдаарлар бар. Аларга кызмат кылып, тамагын даярдап, минген атына жем, чөп салып, короосун шыпырган нечен жүз жасоолдор, кошоматчылар, чач тарач, кир жуугучтар бар (баары эл казынасынан айлык алат).

--Ошол үчүн эл менен бийликтин ортосунда ажырым болду деп байма-бай айтылып, жазылып да жатпайбы?

--Тогуз-Торо, Чаткал, Солтон-Сарыда болгон элдин нааразычылыктары сасык тумоо же аллергиядан чыккан жок да…

--Батукаевдин бошотулушу далай мыйзам бузуулар менен болгону эч кимде шек жаратпайт. Бул иштин башында Атамбаев өзү турганы эмнеден кабар берет?

--Башмыйзамда каралган президенттин ыйгарым укуктарынын чегинен Атамбаев чыгып, бийликтин аткаруу бутагы – Өкмөттүн укуктарын, сот бийлигинин укуктарын да өзүнө тартып алганын талашсыз далилдеп, Атамбаев бийликти узурпациялап алганын аныктайт. Бишкек ЖЭБ модернизациясын “Мен өзүм чечтим” деп ачык билдирүү жасап, айтканын бүт эл укпадыбы.

--Башпрокурор узурпация болгон жок деп билдирбедиби?

--Бул укуктук баа берүү эмес, саясый билдирүү болду окшойт…

--Акыркы айлардагы Атамбаевдин иштери коомдо ажырым жаратып койгондой болду, бөлүнүү башталгансыйт… кантип бул абалды оңдоп кетсе болот?

--“Бастыра албаган – жол бузат, башкара албаган – эл бузат” дегендин кесепетин жалпы эл тартып олтурат. Бийлик ишин адилет, калыс, акыйкат жүргүзсө – эл бат эле ынтымакка келет. Эскиче иштеп, Атамбаевдин жолу менен кете берсе – эл кыйнала берет, аягы жакшы болбойт…

Эң башкы маселе – Атамбаев талкалап салган мамлекетти башкаруудагы укуктук жана чыныгы демократиялык, демек сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө элге таянууну тез арада калыбына келтирүү болуп турат.

Булак: “Ring.kg”

Последние новости