www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө президенти С.Н. Жапаровдун жарлыгынын чыныгы маанисине көңүл бурбаган областтык, шаардык, райондук, айылдык жетекчилер салт билген аксакалдардан, мыйзам менен тааныш эстүү-баштуу билимдүү мугалимдерден кеңеш угуп, мыйзам менен салтты айкалыштырып, ата-бабалар тутунган Ханафий мазхабдын ийкемдүү жолдору менен элге жол көрсөтүүнун ордуна айрым жерлерде мыйзамга да, салтка да баш ийгиси келбеген, салттуу ислам Ханафий махзабды четке сүрүп салган радикалдык көз караштагы имам-молдолордун агрессивдүү буйруктуу сөздөрүнө баш ийген, сөөк коюлган жерлерде элге бийлик жүргүзүүнүн башкаруучу органына эмес, жарлыкты бурмалаган динчилдердин айтканын угуп, жетегинде калган мажүрөө органга айлана баштагандыгы өтө өкүнүчтүү болду жана мындай элге жат көрүнүш жарлыктын чыныгы маанисин толук аңдап түшүнө элек калың массанын өлкө бийлигине болгон нааразычылыгын туудурууга, ар кандай ызы-чуулуу сөздөрдун жаралып, таралышына себепкер болду.
Жергиликтүү бийлик башчылары мына ушундай диний оор кырдаал жаралгандыгына байланыштуу өлкө президентинин жарлыгын талдап окуп чыгып, жарлыктын иштөө-чараларын аныктап-тактаган жобо иштелип чыга электигин элге түшүндүрүп радикалдык көз караштагы молдолорду өз ордуна коюп, жалпы эл менен өлкө бийлигин ортосун ынтымакка келтирүүчү көпүрө сымал өз милдет-миссияларын аткаруу керек эле...
Тилекке каршы эл дагы, бийлик дагы ишенип, башкарып, аткаруучу орган даражасын ээлеген жергиликтүү бийлик ээлери өлкө президентинин жарлыгын жакшылап окуп, маанисине жетип, ошого жараша эл арасында түшүндүрүү, ынандыруу, жайылтуу иш-чараларын жүргүзүүнун ордуна жарлык боюнча кантип иш жүргүзүүнү билбей өз бийлигин радикалдык көз караштагы, мыйзамды да, салтты да тоотпогон элдин бөлүнүп-жарылуусуна, нааразычылыктардын күчөшүнө, ырыс-ынтымагынын кетүүсүнө себепкер болгон радикалдык көз караштагы динчилдерге тарттырып жиберип, өзүлөрү алардын жетегинде калып, “бас” деген жагына басып, “айт” дегенин айтып калганы элдин биримдигине, ырыс-ынтымагына, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө өтө терс таасирин тийгизери Оогандын, Сириянын, Ирактын ачуу сабактарынан улам дүйнө элине маалым.
Өлкө президенти С.Н. Жапаровдун: “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын калың массага туура жеткирүүдө областык, шаардык, райондук, айылдык деңгээлдеги бийлик башчыларынын иш-аракеттерине көзөмөл жүргүзүү, ар кайсы тармакты аралаштырып “көп суур ийин казбайт” кылбай, динчилдерди аралаштырбай Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 8, 9, 21-беренелерине жана башка мыйзамдарга ылайык жарлыкты реализацилоо максатында жобо иштеп чыгуу үчүн атайын редакциялык топ түзүү КР Мамлекеттик катчысынын, КР Президентинин кеңешчилеринин ыйык миссиялары экендиги эл арасында ачык айтылып, талаптар угула баштагандыгын “шибегени капка катууга болбогондой” эле жашырууга да болбой калды...
Булак: NazarNews.kg