www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдары буудайдан кылканды иргегендей иргеп, чыныгы патриотторду чыгарсын! Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.

"Кемпир-Абаддын шылтоосу менен, четтен каржыланган саткындар, бийлик талашкандар менен чыныгы патриоттор аралашып кетти.

Укук коргоо органдары буудайдан кылканды иргегендей иргеп, чыныгы патриотторду чыгарсын!

Беркилер камала берсин себеби, алар баары бир элге күйбөйт! Бирине акча, бирине бийлик керек, аларга Кемпир-Абад жөн эле шылтоо!", - деп жазган жазуучу.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышты.

Эске сала кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости