www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манастын уулу Семетейдин киносценарийин бурмалап, калмак саясатын жүргүзгөн автор өлкө чыккынчысы катары камалып, берки киночулар киночулар суралсын! Бул тууралуу пикирин Абдымамбет Сариев билдирди.
--Манастын уулу Семетейдин киносценарийин бурмалап, мамлекетке чыккынчылык кылып, Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна залал келтирген ишти жүргүзүп, калмак саясатын жүргүзгөн автор Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 307-беренеси менен Мамлекеттин чыккынчысы катары камалсын!
Себеби, Манас жана кыргыз эли Кыргыз Республикасынын негизги өзөгү болуп эсептелет жана аларга карата жасалган ар кандай кыянаттык, чыккынчылык саткындык иштер Кыргыз Ресмапбилкасынын тышкы коопсуздугуна орду толгус зыян-кесепетин тийгизет!
Мындан тышкары чет элдиктер менен биргелешип, бурмаланган сценарийдин негизинде фильм тартууну демилгелеп чыккынчылык кылган уюштуруучулар, алардын жетекчилиги ж.б. киночулар Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна зыян келтирүүгө колдонуу үчүн эпостун бурмаланган сценарийин жарыкка чыгарууга (киофильм тартууга) далбас уруп, уюштуруу иштерин жүргүзүп жатышкандыктары үчүн алардын чет өлкөлүктөр менен болгон байланышын иликтеп, кимдерге тыңчылык кылышкандыгын аныктап тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 306-беренесин жетекчиликке алып, атайын кызматтар суракка алсын! – дейт Абдымамбет Сариев.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда “Манастын уулу Семетей” аттуу көркөм тасма тартыла баштады. Кино президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылып жатат.
Булак: NazarNews.kg