www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Райымбек Матраимовду камасаң болбойт!” деп бийлик талашкандар митингге чыга беришип, акыры Сооронбай Жээнбековду тактан алып түшүп, бирок, бийликке жетпей, ыкчам аракет кылган Садыр Жапаровго бийликти жулдуруп жиберишип, “оозунан алдырган бөрүдөй” умсунуп, энесине таарынган баладай тултуюп калышкан. Бул тууралуу пикирин Абдымамбет Сариев билдирди. 

Райым Матримовду бийлик талашкандар “куурчак” кылып алышканбы? Же Райымдан башка ичкич-жегич Кыргызстанда такыр жокпу? Же Райым “саан уйбу?”. Жакындан бери баягылар “Райым Матраимовду камасаң болбойт!” деп Садыр Жапаровдон талап кылып, митингге чыга беришип, акыры Раимди каматып тынышты! Эми мунун аягы кандай болоор экен? Сырткы карызы көп Кыргызстандын элине тынчтык жол менен өнүгүп-өсүү оңбу же мен тааныбаган Райымды шылтоолоп, күндө митинг кылып төңкөрүш жасоого жутунгандарды колдоп, бийликти улам алмаштырып, карызга батып будуң-чаң болуп кыйналып жашай берген оңбу?! - дейт Абдымамбет Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости