www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз саясатында Өмүрбек Бабановдон өткөн митаам, шылуун саясатчы мурда кийин болгон эмес», - деди бүгүн, 19-февралда NazarNews маалымат агенттигине Талас облусунун «Айкөл Ала-Тоо» жарадарлар коомунун координатору Анарбек Рыскулбеков (Чолпонбай).

«Кыргыз саясатында Өмүрбек Бабановдон өткөн митаам, шылуун саясатчы мурда кийин болгон эмес. Көпчүлүк БОТту «бизнестин битин сыккан» саясатчы элестеткени менен, иш жүзүндө анын ишкерчилиги жалаң рейдерлик басып алуулар менен түзүлгөн.

Алыс барбай эле Шарипа Садыбакасовага таандык «Кыргызстан» банкын, Валерий Хонго таандык «ВООСТ» нефти базасын рейдерлик жол менен тартып алганын айтсак жетиштүү болот. Бабановдун «башкесерлери» колу-бутун сындырып күч менен бизнесине ээлик кылып алганын, ошол эле Валерий Хон зар какшап айтып келди.

Бирок, кези келсе шайтанды да алдап кетүүгө жөндөмдүү Бабанов ар дайым «ханзаадалар» менен «достошуп» алардын аркасы менен өзүнүн кыңыр иштерин ийгиликтүү жаап келди.

Алгач, маркум Айдар Акаев менен дос болуп экөөсү биригип ийгиликтүү ишкерлердин «кызарган жерин жулуп алып» жакшы эле тайраңдашты.

Кийин, Айдардын доору бүткөндө, амалкөй Бабанов тез эле Максимдин «шилекей алышкан» досу болуп чыга келди. Бакиевдердин «ити чөп жеп» 1-вице-премьердик кызматка чейин жетти. Көшөгө артында Максимге таянып алып баягы эле көнүп калган рейдерлик баскынчылыгын улантып жүрдү. Канкор Бакиевдер Кыргызстандан качканда, Максим экөөнүн орток бизнестеринин баары Өмүкенин колунда калган деген кеп бар.

Бирок, Кыргызстандагы эң бай адамдардын сап башында турса да, башканы кой өзүнүн кичи мекени Чолпонбай айылына бир тооккана салып же бир метр жерин асфальттап берүүгө жарабады.

Бабановдун элге берген тоодой болгон убадалары бир да аткарылбай жыйынтыгында эл Өмүкенин депутаттыкка аттангандагы «айттым аткарам - деген ураанын, «кеттим келбейм» - деген ураанга алмаштырып алышкан.

«Башкасын коюп Манасты айт» - демекчи, Талас жеринин жана элинин экологиялык келечеги байланган «Жерүй кенинин Россиялык «Альянс Алтын» компаниясына сатылышына Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар экени ачыкка чыкты, жана убагында «Восток- Геол.добыча» компаниясынын президенти Муса Бажаев менин досум дегени, жана «Жерүй» кенинде бул арзыматтын кызыкчылыгы бар экени бүгүнкү күндө тастыкталып жатат.

Бир кездеги «НК Альянс» май куюуучу заправкалар түйүнү, Муса Бажаевге жана Өмүрбек Бабановго тийиштүү болгону карапайым калктын эсинде. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов өзү да: «Бажаев менин досум, «НК Альянс» экөөбүздүкү», - деп ачык эле айтып жүргөн.

Пайда дегенде эки көзү кызарган Бабанов жалпы Талас элинин коопсуздугуна, келечегине «түкүрүп ойнобой» досу Муса Бажаевге «Жерүй» кенин ит бекер карматып жиберүүгө көмөк көрсөткөн. Жыйынтыгында «Жерүй» кенинде мамлекеттин бир тыйын да үлүшү жок. Айрым маалыматтарга караганда «Альянс Алтын» компаниясынын 40 пайызы Муса Бажаевге, 40 пайызы Алижан Ибрагимовго (Граф Токмакский) жана 20 пайызы Өмүрбек Бабановго тиешелүү.

Жогоруда аталгандай, эгерде «Жерүй» кенинде мамлекеттин бир тыйын үлүшү болбосо, анда экологияны булгап, карапайым калкты уулап кенди иштетүүнүн кереги барбы деген суроо туулат?!

Анын үстүнө, компаниянын калдык сактоочу жайы эл жашаган айылдарга болгону 3 километр аралыкта жайгашкан. Салыктан түшкөн бир аз каражат менен жумушчу орундарга азгырылып өмүр бою Талас облусун ууланган аймакка айландырып албайбызбы? Азыркы учурда беш жылдан бери «Альянс - Алтын» компаниясы тарабынан Талас облусуна социалдык пакет катары берилип келе жаткан финансылык жардам суунун бир тамчысындай, эч нерсеге арзыбай калбайбы?

Жакында элдик комиссия тарабынан «Жерүйдүн» калдык сактоочу жайындагы кемчиликтер аныкталып, компания жетекчилиги кемчиликтерди жоюуга убадаларын бергени маалым.

Жер үй кени иштесе, баягы эле Бабанов баш болгон үч олигарх пайдасын көрөт экен. Кенди иштетип бүтүп алар «чыйт түкүр» кетип калгандан кийин эл журт эмне менен тирилик кылат?

Таластын ууланган картошкасы менен төө-буурчагы, алма-өрүгүн ким сатып алат?! Айтор, терең ойлонгон адамга «Жерүй» кенин айланасында «баш оруу» көп. Ар дайым ыңгайлуу учурду күтүп турган Бабанов, башкалар бийлик менен алп урушуп жатканда «Жерүй» кенине өз адамдарын «майлуу» орундарга отургузуу иштерин баштады.

«Чү» - дегенде эле, коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкуловду алып ыргытып анын ордуна, өзүнүн «кол баласы» Кубат Болоткановду дайындатты. Анткени, БОТ үчүн   иш билги адам эмес, айтканын «кыңк» этпей аткарган өз «желдеттеринин» кызматта отурганы маанилүү.

Данияр Жаныкулов «Жерүй» кенинде иш-чара башталгандан бери, ушул «Жерүй» проектиси ишке ашып, Талас элине жана мамлекетибизге зыяны тийбей пайдасы тийсин деп, зор салым кошкондордун бири.

Андан көп өтпөй эле, эч кимге уурдатпай, өзү да уурдабай акыйкаттыкты, тазалыкты пир тутуп иштеп жаткан «Бакубат Талас» фондунун директору Умар Анарбаевдин «аркасынан бычак сайышты». Эми анын ордуна келген адам. Анарбаевден өйдөрөөк адам болсо да мейли дейт элек. Бирок, тилекке каршы андай эмес. Ал Бабановдун кудасы «Батыр Качкынбаев» деген эргул.

Умар Анарбаев Кыргызстанда болуп өткөн үч революцияга зор салым кошкон адам, 2010 жылкы апрель Революциясынын баатыры, бул адамдын артынан БОТтун бычак сайганы, Таластын баардык революционерлерине бычак сайганы деп, эсептейбиз. Таластын тагдырын Бабанов чечпейт! Бул эки салмактуу жумуш оруну аз болгонсуп, кэчее эле дагы бир ишенимдуу желдетин өтө катта орунга, «Альянс-Алтын» компаниясынын генералдык директорунун биринчи орун басары кылып ИИБ тармагында иштеп жүргөн Айтбаев Калык дегенди олтургузду.

Качкынбаев Батыр деген эргул БОТтун «Кыргызстан» банкынын Талас филиалында иштеп турганда 7 миллион сомун «кымырып алып» анын кесепетинен эки кудадан ырк кетип, бир топ жыл бет карашпай жүргөн жагдайы бар. Кийин Бабановдун Тараздагы эжесинин тажиясында таарынычтары жазылып, эми минтип кан кудага сый катары үлкөн кызмат тартууланып жаткан кербези.

Бабановдун кадрдык саясаты, «Жерүйдүн» «токочтуу орундар» менен эле чектелип калбайт. БОТ азыр жаңы бийликтин «ичи коюнуна кирип» Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл (губернатор) баш болгон жана райондорго аким, мэр кызматтык орундарга өз адамдарын коюп, «Талас элине таасир кылам» - деген планын эшиттик.

Ар дайым «аш бышканда» дайын болчу Өмүкенин бул кылып жатканынан азыркы бийлик кабардар болду бекен?

БОТ Президенттик шайлоодо менин партиям чоң салым кошту деп, айтканын уктук. Андай эмес экенин Талас эли жакшы билет. Айта кетчү жөнөкөй мисал, Кыргызстан боюнча Садыр Жапаровдун баннерлери илинбесе да эл колдомок жана оомат келип Кудай өзү оомийин деген!

Анткен менен, Өмүкенин мындай «таттуу кыялы» ишке ашып кетүүсү деги эле мүмкүн эмес. Себеби карапайым калк Бабановдун ким экенин эбак эле билип түшүнгөн. Тескерисинче, эгерде жаңы бийликтин акылы болсо, мындай шылуун, рейдерге кылмыш ишин козгоп тезирээк жоопко тартканы оң», - деп билдирди ал.

Анарбек Рыскулбеков (Чолпонбай)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости