www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 400 автобус жарактан чыккан

Бишкекте 12 жылда 400 автобус жарактан чыккан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын жол транспорттук инфраструктурасынын башчысы Шаршенбек Алиев  билдирди.

Анын айтымында, автобустардын колдонуу мөөнөтү 6 жылга эсептелген.

«Техника бүгүн келсе, эртең бузулуп калышы мүмкүн. Завод тарабынан, биздин айдоочулар тарабынан кемчиликтер кетиши ыктымал. Колдонуу мөөнөтү бүткөн автобустар каттамга чыкса да, өзүн актабайт. Кытайдан келген автобустардын көпчүлүгү иштебей калды, жүздөй траспортту жүргүзүүгө болот», - дейт Алиев.

Кошумчалай кетсек, учурда шаарда күнүнө 100 чоң автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Коомдук каттамдын 70%ын маршруттук таксилер аткарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости