www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Руслан мырза, жаңы өкмөттөн жаркын келечек көрүп жатасызбы?

- Учурда биз эски Конституция боюнча жашап келебиз. Өкмөт өз алдынча чечкиндүү, эрктүү, президенттен эркин жакшы команда менен келиши керек эле. Бирок, баштаганда эле көйгөйлөр баштан ашып жатса деле чечкиндүүлүк жок. Мариповдун кечээгидей «акимдерди текшерем» дегени советтер союзунан калган адат да. Тескерисинче, ар бир мамлекеттик институт өз алдынча иштеп, өкмөткө эмес элге жооп бере тургандай ишин көргөзүшү шарт. Анын баарын текшергенде эмне? Бул өкмөт президент тарабынан «кол бала» болуп коюлган.

Ошондуктан, мындай өкмөттөн натыйжа күтүп деле кереги жок го... Же президент жоопкерчиликти мойнуна албайт. Бир нерсе десең, «мурдагы Конституция менен жашап жатабыз, жоопкерчилик өкмөттө» дейт. Өкмөт болсо президентти карап отурат. Марипов келгенден бери бир жаңы демилгесин көрө элекпиз. Бизде эч ким иштебейт, баягы илең-салаң жашоо уланып жатат. Болбосо, абдан көп көйгөйлөр чечилбей турат.

Шайлоо келе жатат, жазгы талаа жумуштары, бир жагынан пандемия, кымбатчылык, жумушсуздук, чек ара маселелери күч алып баратат. Бийликте болсо башаламандык... Ушул көйгөйлөрдүн баарын ким жөнгө салып, алдыга карай алып кетет? Мамлекеттүүлүк жоюлуп бараткандай таасир калтырышууда. Жаңы бийлик эл аралык коомчулук менен мамилелерди түзүшү керек эле. Мунун баары көз жаздымда калды. Кайда бара жатканыбыз белгисиз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости