www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1 мартта  «Таза аба» («Чистый воздух») аттуу долбоор Жогорку Кеештин жыйынында каралды. Аталган долбоорду Жогорку Кенештин айрым депутаттары көтөрүп чыгышкан. Маселени чечүү агында тиешелүү тармак менен эл аралык жана коомдук мекеме, ишканалар менен бирге көз карандысыз эксперттер катышты.  

Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымына караганда, абаны булгоо маселеси биринчи орунда экенин жана мындан кантип чыгуу сунуштарын белгиледи. Буга байланыштуу тийиштүү мыйзам кабыл алып, кескиндүү чараларды колдонуу керек экендигин эл өкүлү баса белгиледи.

Депутаттар мындан башка дагы  "Абаны булгаган булактар"(«Источники загрязнения воздуха»), аттуу долбоорду дагы демилгелеп чыгышкан. "Мында абаны булгоо боюнча анализ жүргүзүлүп, абага түшкөн негативдүү жана адамдарга кооптуу заттардын келип түшүшү тыкыр изилденет", - дейт депутат.  

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Бишкектин абасын авто унаалар, жер үйлөрдү жылытууда катуу күйүүчү майларды колдонуудан аба булганып жатканы аныкталган.

Дүйнөлүк Банктын изилдөөлөрүнө караганда, жеке турак үйлөрдүн 40 пайызы дал ушул катуу күйүүчү майларды колдонушаарын аныктаган. Алардын жылытуучу очоктору 20-30 пайыз көбүрөөк отунду жагууну талап кылат, ошону менен катар абаны дагы тез булгайт.

Ал эми жылуулукту жоготуу 60 пайызды түзөөрү аныкталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости