www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык кикбоксчу Аброр Хакимов WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өтүп жатат.

Хакимов 67 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашкан. Ал 23-октябрда хорватиялык мушкерди, 24-октябрда испаниялык мушкерди жеңген. Бүгүн жарым финалдык беттеште ал болгариялык мушкерге туш келип, тилекке каршы жеңилип калды. Муну менен ал 3-орунду алып, коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, бул турнирде катышып жаткан кыргызстандык мушкерлер Алексей Федосеев, Рустам Ибрагимов жана Шерзод Кабутов жеңилүү ызасын тартып калышты.

Ал эми Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейинки салмакта атаандаштарын бүт жеңип келе жатат. Бүгүн жарым финалдык беттеште Мавританиялык мушкерди утуп, финалга жолдомо алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости