www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-октябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган сот-укуктук  реформанын  алкагында, жаңы кодекстерди жана  мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Улуттук   коопсуздук  боюнча мамлекеттик комитетинин ошондой  эле судьяларды тандоо боюнча кеңешинин жана соттор кеңешинин ишмердүүлүгү каралды.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаӊы кодекстердин жүзөгө ашырылышы боюнча күч органдарынын жана сот бийлигинин жетекчилери менен бир аянтчага чогулуп, жасалып жаткан иштерди коомчулукка жеткирүү максатында талкуу уюштурулуп жаткандыгын баса белгиледи. Ошону менен катар Б.Төрөбаев Жогорку Кеӊеш сот реформасынын көйгөйлүү маселелерин чечүү багытында да иш алпарарын эске салып, жыйынга Жогорку Соттун бир да өкүлү келбегендигине нааразычылыгын билдирди.

Жыйында ИИМ министри Кашкар Жунушалиев баштаган күч органдары соттук реформанын алкагында кабыл алынган жаӊы кодекстерди ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат беришти. К.Жунушалиев ИИМде 2 этаптагы оптимизация иштери жүргүзүлүп, борбордук аппараттын кызматкерлери кыскартылып, алар министрликтин жер-жерлердеги түзүмдөрүнө берилип, күчтөндүрүлүп жаткандыгын маалымдады. Ошону менен катар Жоруктар баштаган жаӊы кодекстер боюнча окутуулар жүрүп жатканын кошумчалады.

Жыйынга чакырылган Адвокатура кеӊешинин мүчөсү Чолпон Темирбаева жаӊы кодекстерде адвокаттардын укуктук статусу так белгиленбей калгандыгын, адвокаттардын прокурорлорго каршы көрсөтүлгөндөй так эместиктер орун алгандыгын айтып, тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды.

Депутат Тынчтык Шайназаров жаӊы кодекстер боюнча күч органдарынан жүздөгөн сунуштар болуп жатканын тактап, тергөөчүлөрдүн өндүрүштөгү ишинин көлөмү эселеп көбөйгөндүгүнөн улам кошумча штат маселесин чечүү максатка ылайыктуу дейт. Мындай пикирди улаган Башкы прокуратуранын өкүлү Б.Бейшекеев бир прокурорго бир айда 236 ишти окууга туура келип жатканын, штат маселеси боюнча өкмөткө кат менен кайрылышканын айтты.

Жыйынга катышып жаткан жаӊы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттер тобунун мүчөсү Тахмина Ашыралиева кодекстер боюнча келип жаткан сунуштардын жарымы техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр экенин, бир топ түзөтүүлөр эски кодекстеги ченемдерди кайра башка өӊүттөн киргизүү аракеттери болуп жатканын чечмелеп берди. Депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосунан кийин күч органдарынын жетекчилери сот реформасынын алкагында күчүнө кирген кодекстер, эӊ негизгиси, адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жакшы өбөлгө болуп жатканын баса белгилешти.

Жыйынды корутундулаган фракция лидери Б.Төрөбаев сот-укуктук реформада радикалдуу кадам жасалганын, бул кадамды токтотпой улантуу зарылдыгын белгиледи. Ал мындай талкууларды байма-бай өткөрүү менен сот-укуктук реформаны ийгиликтүү жүзөгө ашырууга салым кошулаарын кошумчалады.

Соӊунда өкмөткө күч органдары тарабынан берилген сунуштардын негизинде тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү алып келүү, келерки жылдын бюджет долбоору каралганга чейин тергөөчүлөр боюнча кошумча штат маселесин чечүү, сот практикасын жакшыртуу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости