www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы кодексти кабыл алууда 120 депутаттын ичинен 19 депутат жыйынга катышкан эмес. Ал эми 5 депутат каршы добуш берсе, анын ичинен 96 депутат макул деген добуш берген. Жаңы кабыл алынган кодекстеги беренелер Баш мыйзамга каршы келип, ишке кирбей жатып ашмалтайы чыга баштады. Бул кодекстин түп тамырын талдабаган Жогорку Кеңештин депутаттары эми күнөөнү кимге оодараар экен?
Абтандил Кулбараков: “Макул дегенимди же каршы болгонумду билбейм. Эсимде жок”
-Жаңы кодекстерди кабыл алууда жыйынга катышканым же катышпаганым эсимде жок. Чынын айтсам, макул же каршы - деп добуш бергенимди да так билбейм. Балким жыйынга катышып, жаңы кодексти колдоп, макул деген добуш бергендирмин. Бирок, мен жаңы кодекс менен таанышкан эмесмин. Ал учурда ден-соолугума байланыштуу ишке көп келбей жүргөм.
Булак: “Ачык саясат”