www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 3-июндагы сессиясында депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коронавирус пандемиясына жана чек арага байланыштуу азыркы кырдаалда өргүүдө жүрүшүн сынга алды. Эс алууга кеткенин коалициялык көпчүлүктө жана тиешелүү комитеттерде кароону сунуш кылды.

«Өткөндө Тажикстандын чек арасында кагылышуу болду. 31-майда Өзбекстан менен чек арада чыр чыкты. Өзгөчө кырдаал режими өлкөдө алына элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмнеге ал ушундай кырдаалда эс алууга кетет? Армениянын премьери коронавирус жугузуп алып, бирок «үйдө иштейм» деди. Биздики эс алып жүрөт. Азыр ишти вицелерге тапшырып коюп, эс алып жатчу убакыт эмес»,- деди депутат.

Белгилей кетсек, премьер-министр 27-майда кыска мөөнөттүү өргүүгө чыккан.

Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев депутаттын сынына жооп берип жатып, Абылгазиев эс алуу үчүн эмгек өргүүгө чыкпагандыгын белгиледи.

“Премьер-министр эс алуу үчүн эмес, жыштык иши боюнча кылдат жана объективдүү териштирүүнү камсыз кылуу үчүн кетти. Тергөөгө кысым көрсөттү деген айыптоолор болбош үчүн“,- деп билдирди Султаналиев.

Ал эми Абылгазиев өргүүдөн качан келери азырынча белгисиз.

Жанар Акаев да буга чейин премьер-министрдин өргүүгө кеткенине нааразычылык билдирип: "Музейге, ЖЭБге (ТЭЦ) байланышкан иштер жылдап созулуп келе жатат. Жыштык иши эмне бир жумада бүтүп калмак беле", -деген пикирин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости