www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан “АША учурунда мен өлө куугунтукталгам, мени жашатпай, ашмалтайымды чыгарган” дегендерге жооп катарыв билдирүү жазып чыкты.

“Куугунтукка кабылгандарды коргойлу!
Азыр көп адам “АША учурунда мен өлө куугунтукталгам, мени жашатпай, ашмалтайымды чыгарган” деп айтып жатышпайбы. Ойлосом чын эле экен эй. Ошол учурда ошол адамдар чоң кызматта отурушуп, АШАны айга, күнгө теңеп жүрүшсө, биз ойлоптурбуз булар жыргап эле жашап жүрүшөт деп. Көрсө өлө кыйналып, чын эле куугунтукталып жүрүшүптүр байкуштар десе. Ойлоп көрсөм, алардын арасында мен деле куугунтукталыптырмын жакшыле, просто жаштыгымдан көп нерсени жакшы билбей калсам керек. Мисалы, мен ещё как куугунтукталыптырмын ыйолкиники десе! Өллөле куугунтукка кабылгам есличо мындай жакшылап ойлонуп көрсөм.

-- Бир эле мисал, устуканды кубалап барып, жок десең болбой алкымыңа чейин тыгып ийген че стоит! Куугунтук эмеспи? Ещё как куугунтук!

-- Ишим бар эле деп качып кетейин десең, дагы болбой кубалап келип “сизден өткөн мыкты жок, сизге чейинкилер баары ит болгон, сиз кыйратып жатасыз” деген сыяктуу бал сөздөрдү угуп, ичиңден бул жөн эле голимый кошомат экенин түшүнүп, бирок билмексен болуп, шек не давать кылып кыткылыктап күлүп туруш оңой деп ойлоп атасыңарбы? Ничего неподобного! Ещё какой куугунтук!

--- Конокко чакырып алышып, атайын атказ бере албай турган түрлүү даамдуу тамактарды жасап, таң атканга чейин жедиришип, ичиңди оорутушуп, жарылайын, жарылайын деген абалга алып келиши куугунтук эмеспи? Бул адамкерчиликсиз кыйноо!

Так что буга окшогон ат көтөргүс куугунтуктар көп эле болду. Айта берсем ыйлап уктай албай каласыңар ыйолкиники десе, ваще турбайбы булардын жашоосу деп.

Мына вот азыр эч куугунтугу жок жыргал жашоо келди. Кубалап келип алкымыңа устукан тыккан киши жок, бал сөз менен башыңды маң кылып кыйнаган бирөө жок, баары как оно есть эле бетиңе палчайта айтып салышат, түрлүү даамдуу тамак жасап ичиңди ооруткан адам таппайсын. Кыскасы жыргал жашоо. Так что жанагы “куугунтукталгам” деп жаткан айрымдар туура эле айтып жатышат, кыйын болду жашоолору. Байкуштар, анысы аз келгенсип ошондой кыйноодон жаңы президент келгенде дагы бошобой, кайра андан дагы кыйын кыйноолорго учурагандар дагы аз болгон жок. Ошолорго кээде боорум ооруп кетет. Бирок, эми чыдагыла туугандар, биз үчүн чыдап койгула эми! Кыргыз эли, жери үчүн!”,-деп Илим Карыпбеков  жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости