www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик СДПКнын бөлүнүп, мүлжүнүп отуруп шайлоо алдында “склети” эле калганын эл билет. СДПКнын “клону” катары парламентке келген “Кыргызстан” партиясында да ал-ахыбал жакшы эмес. Атамбаевдин Кой -Таштагы резиденциясын куруу үчүн шымааланып киришкен олигарх Шаки мурункудай бейкапар отурууга убактысы жок, анткени Атамбаевдин запкысын көрүп, “параша” ичип чыккан Канат Исаев капталдан чыгып партияга таасир эте баштады. Ошондой эле Атамбаевдин “балашкасы” катары акыркы спикер болгон Дастан Жумабеков көздөрүн ачып-жуумп, бүгүн өзүн экинин бири катары эсептеп, кол алдындагы аппаратчысы Самат Ибраев менен “Кыргызстан” партиясын ээлеп калууга умтулууда. Мындай саясий интригалар түбүнө жетерин түшүнгөн Шаки парламент аяктар алдында эл менен болууну чечип мандат алып, Жогорку Кеңешке келди. Күрөш жаңы башталды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости