www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиевдин жердеш байкеси Шамшыбек Медетбеков деген шумпай бар. Бул бир кезде Турсунбек Чыңгышевге жардамчы болуп, анын кыргыздын алтындарын Акаев менен биригип Швейцарияга учак менен ташуусуна  жардамын тийгизген. Ушул алтындардын эсебинен эбегейсиз байлыкка жетип, Чыңгышев экөө кытайдын “Хэнфен” банкын Кыргызстанга алып келишкен.

Кыргыздын алтынын эсебинен байыган мульти-миллионер Нарынга губернатор болуп калат. Медетбеков учурунда Кочкор районун кайсап тойбогон ач көз Кулматов Алмаз Окинович Ак-Талаага аким болуп калган, муну жандооч кылып алат. Тагдыры тайкы экен Шамшыбек Медетбеков Кочкордун бийликке каршы баш көтөргөн жигиттеринин колуна түшүп калат. Губернаторун уруп ойнойбу, муну көчүккө тээп, камап коюшат. Шамшыбек Медетбеков: “Туалетке баргым келип жатат” – деп соолуктап ыйлап жиберет. Туалетке алып барышып сыртынан көз салып турушса бул шумпайга жан керек экен, губернаторлугуна карабай терезеден секирип, дардалаңдап качып жөнөйт. Артынан жаш балдар кубалап жете албай калышат, ээликкен Шамшыбек Медетбеков ошол бойдон көздөн кайым болгон.

Кийин бул Чолпонбек Абыкеевдин “Аалам” гезитин сатып алды. Кадыржан Батыров менен коюн-колтук алышкан дос болуп, “Аалам” гезитин өзбекче  “Олим” деп чыгарып “Ватанды” даңктай баштаган. Кадыржан Батыров түзгөн “Ватан” партиясына кыргыз элине чыккынчылык кылып кирген. Балким Абылгазиев экөөнүн уйгурлар менен чалыштыгы бардыр?

Азыркы тапта Шамшыбек Медетбеков шумпай дардаңдап турган кези, ал кечээки губернатор кезинде кол алдындагы жегич акими Кулматов Алмазды Абылгазиев Мухаммедкалыйга кеңешчи кылып алган. Теңир-Тоону терип жеп келген Кулматовго таянып Шамшыбек Медетбеков чамгарактап турган кези. “Иттин өлүгү” каяктан саңырсып жыттанып жатат? Өзбекстан Абылгазиевге берген 100 миллион доллардын изи бул жакта жокпу? Эмне үчүн Абылгазиев өзбек сепаратисттерин колдогон Шамшыбек Медетбековдун жакындарын кеңешчи кылып алат?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости