www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноонун алдын алуу борборунун өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяга байланыштуу кармалгандардан кабар алышты. Борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагында кармалып турган тогуз киши бүгүн, 12-августта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулат. Алардын алтоо Кой-Таштагы, үчөө аянттагы ызы-чууда кармалган.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов жана мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары Кыяз Исмаилов, Марат Шаменов жана Амантур Жамгырчиев менен сүйлөшүп, денесинде жараат бар-жогун текшеришти. Жамгырчиевдин көзү шишиген. Бул жараат ал кармалганга чейин эле болгону каттоо журналына жазылган. Калгандары эч нерсеге арызданган эмес. Ал эми аянтта кармалгандардын бирөө милиция тарабынан бутунан жараат алганын билдирген. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына маалымат берилди.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана тарапкер Амантур Жамгырчиев соттун чечими менен 8-октябрга чейин камакка алынган. Ал эми Марат Шаменов 11-августта кармалган.

Кой-Ташта 7-8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова баш болгон бир нече киши суракка чакырылды. Бүгүн, 12-августта КСДПнын мүчөсү Рита Борбукеева сурак берерин «Азаттыкка» билдирген, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эске салсак, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости