www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үсөн Ниязбековду  ким атты?

АЛ МАС ырасмий түрдө, дегеле “айкөлдүгүн” көрсөткөн сыпатта , оозу-мурду кыйшайбай “Альфанын” офицерин мен атып өлтүрдүм деди.

Айтты койду, ишенсең койсоң өзүң бил... Бирок ар бир акыл-эси жайында, башын тоголотуп акыл калчаган мындай сөзгө эки дүйнө ишенбейт. Жанагы бардык күнөөнү мен мойнума алайын, деген эле балээ. Али  алты атайын кызматтын аскерлери колунда туткунда турганда, али АЛ МАС ай-ааламды чапчып Ак Үйдү басып алам деп турган чакта айтылган бир кеп бу.

Анткени, ошол күнү 16.30да бийликти басып алууга ал абдан ишенген.”АША-КАША” планы сааттай иштеп жаткан да.

Карабайсыңарбы, президенттин эмгек эргүүсүнө кетиши, күтүүсүз эле УКМКнын атайын кызматынын 30дай аскеринин согуштук тактиканы уруп ойнобой - кол салуудан оболу артка кайтууну колго ал дегенди четке кагып  кирип келиши, башка бирөөгө эмес ок дал командирге тийиши ( таш деле  милициянын начальнигине тийип жатпайбы), мыйзам боюнча  тергөөнү ИИМ жүргөзгөн соң, кармап кетүүнү ошонун гана атайын кызматы жүргүзүү керек болсо, баарын тетириге буруп салышы... айткылачы нени каўкуулайт.

Бул кадимки кутум, төңкөрүш...Ошон үчүн Карамуш, Ниязовдор асмандан сүйлөп турупадыбы, АЛ МАСты айтпай турганда деле... Атүгүл парламенттеги талкууда депутаттардын абсымдуу бөлүгү АШАнын ысмын айтуудан чочушуп турганын депутат Т.Мамытов ачык эле айтпадыбы уялтып. Бетон бетке баары бир да, алар төңкөрүш акрылуу  бийликтин алмашышы тууралуу кабар болушкан.

Мына ушундай кырдаалда , ага кошумча жанында куйруктары гана эмес жакын адамдары турганда мен атып өлтүрдүм деп дени – карды соо адам эч качан айтпайт, дегеле мойнуна албайт.

Анын үстүнө ошол кезге чейин мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери да кызматта болушканы бар. Эми өлүмдү коштоп келген ок тууралуу айталы. Атайын кызматтын жоокерлери АЛ МАСтын үйүнө кирип барып, кабаттан кабатка көтүрүлүп жактанда... Драгунов көзгө атар мылтыгы атыла баштады деген маалымат айтылып жатат бүгүн.

Эмне, АЛ МАС көзгө атар мергенби же атайын даярдыктан өттү беле? Анын үстүнө жарык да өчүп калган чакта.. жок, мылтык башка бир даярдыгы күчтүү көзгө атардын колунда болгондугу анык. Жан сакчысы же акчага жалданган канкор... 

Ушундан улам дагы бир собол келип чыгат: эмне үчүн атайын кызматтагы жоокерлерге карата октор атыла баштаган?

Албетте, Алмасчылар балким аны өзүнүн куралдаштары атып салгандыр деп чыгышы мүмкүн. Жок, ок далы тарапка эмес, маңдай тарапка атылган...

Эгерде АЛ МАС өзү буга жооп издеп, тергөөдө ачуу чындыкты айтпаса, өзүнүн шору. Ал Бакиевдин алдында шоона этпей канкор аталып кала берет.

Сөз АЛ МАСта, балким соолугуп калса... башын тоголотуп көрөр. Бирок,  өзүн пайгамбарга теңей салган былжырбайды  баары бир ит өлүм күтүп турганын жашырбайлы. Кан койо бербейт. Эч качан...

Калдар Шерматов

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости