Элди эзип байлыкка туйтунушкан эски-уску, жаңы атка минерлердин жүрөктөрү эмне деп согот:
- Абылгазиев Мухаммедкалый – Абылгазиев алкашпы,сообу тууганын же айылдашын кызматка коюп жатканына караганда, анын жүрөгү эптеп элдин энчисин чапчып калыш үчүн жакындары үчүн согуп жатат;
- Бабанов Өмүрбек – Бабанов жүрөгү жок, алдырып койгон, ордунда “бош баштык”. Президенттикке талапкер Жээнбеков 2017-жылы дебатта: “Эй, балапан, кокус президент болуп калсам коррупцияны сенден баштайм” – деп эл алдында убадасын берген. Эл аны президент кылып шайлашты, эки жыл өттү балапан корозго айланды, даң салып жүрөт. Учуру келди...
- Жумалиев Кубанычбек – Жумалиевдин жүрөгү ысып кетип, Атамбаевдин атын түбөлүккө сактап калыш үчүн Түндүк-Түштүк жолуна бербесек болбойт деп кан-ыйлап жүрчү дымы чыкпай калды.
- Жумабеков Дастан - Таластыктар казак “баурдастарга” жакын болгондуктан өпкөлөрү калдайып чоң, мактаныш жаатында алдына киши салышпайт. Атамбаев спикер кылып кеткен Жумабеков Дастандын жүрөгү да өпкөдөй көөп калган.
- Нышанов Сайдулло - “Ата-Мекенди” сатып, Атамбаевге жагынып “Кыргызстандын Баатыры” болсун деп чыккан, кошоматчылар макул, көпчүлүк макул көргөн эмес. Эми анысы жок күзүндө депутаттар келгенде кимди “Баатыр” болсун деп сунуш берер экен?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»