www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Ачык кабинет. Жоопкерчилик аймагы» аттуу медиадолбоорго катышты. Анын бир күндүк ишмердүүлүгүн алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды.

Иш графиги «Биринчи радионун» түз эфиринен башталып, андан соң «Ынтымак Ордо» имаратында өлкөнүн экономикалык саясатынын артыкчылыктары талкууланган расмий эмес пресс-завтрак менен уланды.

Программанын алкагында журналисттер Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышты. Данияр Амангелдиев борбордун санариптик мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактардан түшкөн маалыматтардын негизинде ыкчам чечим кабыл алуу системасын көрсөттү.

Кийин МинКаб башчысынын биринчи орун басары Чүй облусуна барып, журналисттер менен бирге «Тулпар Моторс» машина куруу заводу жана «Сан Органик» мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал өндүрүш объектилеринин ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүдөгү жана экспорттук потенциалды чыңдоодогу маанисин белгиледи.

Күндүн экинчи жарымында медиа өкүлдөрү Президенттин Администрациясында өткөн эки жумушчу кеңешмеге катышып, мамлекеттик тапшырмаларды талкуулоо жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө процесстерине күбө болушту.

Жумушчу күн «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин подкасты менен жыйынтыкталып, анда Данияр Амангелдиев күндүн жыйынтыгы жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү пландары тууралуу суроолорго жооп берди.

Жыйынтыгында ал «Ачык кабинет» форматы коомчулукка аткаруу бийлигинин ишин ачык көрсөтүүгө жана мамлекеттик аппараттын алдында турган милдеттердин масштабын түшүнүүгө жардам берерин белгиледи.

Последние новости