www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж Олимпиада оюндарынын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманен билдиргенин Le Journal du Dimanche газети жазды.

Анда Дарманен Олимп оюндарынын ачылыш аземи буга чейин айтылган форматта эле өтөөрүн айтып, бүгүнкү күндө дарыянын агымы жана аба ырайынын начардыгы гана коркунуч туудурарын белгиледи.

Ал ошондой эле Франциянын жана башка өлкөлөрдүн чалгын кызматтары эч кандай тышкы коркунучту аныктабагандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Париждеги Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине эки күн калды. 26-июлда иш-чара Сена дарыясында өтөт. Ага үч миңден ашык актер, музыкант жана бийчилер катышат. Бул ирет 200дөн ашык өлкөнүн спортчулары параддан Сена дарыясы аркылуу 180 кайык менен сүзүп өтүшөт. Коомдук коопсуздукту 45 миңдей укук коргоо кызматкерлери камсыз кылары пландалууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости