www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суунун акими кармалды

Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук соту ырастады.

Алардын билдирүүсүндө, кечээ аймактык сот анын бөгөт чарасын карап, камакка алуудан баш тартып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

«Анын туруктуу жашаган жери бар жана кызматтык иш сапары эске алынды», — дейт облустук сот.

Темирболот Абыкеевди УКМК кармаган. Айрым маалыматтарга караганда, ал район аймагындагы жайыт жерлерин мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө.

Акимге каршы буга чейин «ОшТВ» каналынын журналисти арыз жазган.

Последние новости