www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түнкүсүн кандай тамактарды жегенге болбойт?

Орусиянын Люберецк облустук ооруканасынын гастроэнтеролог-дарыгери Светлана Ильяшенко түнкүсүн айрым тамактарды жебөөнү эскертти. 

Дарыгер РИА Новостиге берген маегинде  кечинде майлуу, оор жана эттүү тамактардан баш тартуу керектигин белгиледи.

Ильяшенко уктаар алдында ашказанды ашыкча тольурбоо керектигин баса белгиледи.

Кечки тамактын оптималдуу убактысы-уктаардан үч саат мурун. Кечки тамак үчүн белоктуу тамактарды, майсыз балыктарды же жашылча менен тоок этин тандасаңыз жакшы болот.

Мындай ыкма рефлюкс жана башка тамак сиңирүү көйгөйлөрүнөн алыс болууга жардам берет.

Адис ошондой эле уктаар алдында ачкачылыкты сезбөө үчүн күн бою  тамактануу режимин түзүүнү сунуштайт.

Эгерде өзгөчө учурларда түнкү тамактануу керек болсо, анда тоок, жумуртка же жашылча сыяктуу белоктуу тамактар эң жакшы тандоо экенин айтты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости