www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров билдирди.
"Кечээ облустук телекомпаниядан Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн айтты деп жатышат. Эл ызы-чуу болуп жатат. Өткөндө эле айтканда беш айыл өкмөттүн эли менен жолукмайынча ушул маселени токтотуп турсаңар дегенбиз. Президенти да, өкмөтү да макул болгон, анан жең ичинен барып кол койгондугу өлкөдө аябай будуң-чаңды жаратууда. Өлкөдөгү кырдаал туруктуу эмес", — деди Мадумаров.
Эске салсак, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги "Кызыл-Бел" бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон.
Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан "Булак-Башы", "Ак-Сай", "Катта-Туз" посттору жана "Тамдык" заставасы жоюлду.
Ал эми 26-сентябрда УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин билдирди.