www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 31-майда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү үчүн парламентке киргизген сунушу мыйзамга ылайык 48 сааттын аралыгында каралышы милдет.
Азыркы кезде Башкы прокуратуранын эл өкүлүнө таккан айыбы канчалык негиздүү деген маселени депутаттык комиссия иликтеп жатат. Комиссия кандай корутунду чыгарат белгисиз. Анткени, комиссиянын чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын көз карашына чоң таасирин тийгизет.
Азырынча Жогорку Кеңештин чечими кандай болот айтуу кыйын. Буга чейинки бир жолкусунда жоопкерчиликке тартууга уруксаат беришкен эмес. Бул жолу эл өкүлдөрү Мадумаровду сактап кала алышабы деген маселе суроодо турат.
Жада калса Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан шайланып келишкен депутаттар, лидерин коргоп ак же көк деп адилет сөзүн айтууга эрктери жетеби деген маселе күмөн жаратууда?..
Өкүнүчтүүсү, элдин 21 675 добушун алган депутаттын тагдырын, эптеп-септеп 500-600-1500 добуш менен келген депутаттар чечишет. Абийирлери ойгонуп, эң негизгиси эртең ушундай абал биздин өз керт башыбызга түшүп калышы мүмкүн деп кооптонушуп, Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчиликке тартуудан коргоп калышабы, же мындан ары кимди болсун кулагынан жетелеп барып камаганга шарт түзүшөбү, баары өздөрүнүн колунда...
Булак: NazarNews.kg