www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Bloomberg басылмасынын маалыматына караганда америкалык ишкер Илон Маск кайрадан дүйнөнүн бай адамдарынын рейтингинин башына чыкты.
Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын ахыбалын аныктаган Bloomberg Billionaires Index 1-июнга карата анын байлыгы 192 млрд. долларга жеткендигин жазып чыкты.
31 майга карата Teslaнын акциялары 1,38%га кымбаттаган. Ошондуктан Маск бир күндүн ичинде 1,98 млрд долларга байыган.
Кымбат буюмдарды өндүрүүчү LVMH (Moet Hennessy — Louis Vuitton) компаниясынын акциялары ушул аралыкта 2,64%га арзандап, анын кожоюну Бернар Арно 5,25 млрд.долларын жоготуп, 187 млрд. доллардык байлыгы менен экинчи орунга жылды.
Басылманын маалыматына караганда жыл башынан бери Илон Масктын байлыгы 55,3 млрд.долларга көбөйгөн.
Дүйнөлүк ири байлардын тизмесиндеги үчүнчү орунда Amazonдун кожоюну Джефф Безос (144 млрд. $), төртүнчү орунда Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтс (125 млрд. $), ал эми бешинчи орунга Oracleдун негиздөөчүсү Ларри Эллисон (118 млрд.$) ээледи.
Буга чейин маалымдалгандай Twitter, Tesla и SpaceX компанияларынын башкы директору Илон Маск менен Amazonдун негиздөөчүсү Джефф Безостун ээлеген байлыктары АКШнын каржы министрлигинин карамагындагы каржы көлөмүнөн да көбүрөөк байлыкты ээлеп турушат.
Нур АМАН
Булак: NazarNews.kg