www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Нурчолпон Коргоо министрилигинин полковнигин ыдык көрсөтүүгө айыптады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бул окуя Борбордук армия үйүндө музыкант болуп иштеп жүргөндө болгон. Учурунда алар аскердик майрамдарда концерт уюштуруп турушкан.

"Концерттердин биринде полковник мага ыдык көрсөттү. Ал мени кармап, күч менен кармоого аракет кылды. Мындан сырткары кесиптеш офицерлер дагы мени кармап, жолумду тосушту. Ал полковник болгону үчүн эч ким унчуга алган жок. Бир гана ырчы Ильяз Андаш бул көрүнүштү токтотту. 

Концерттен кийин башка бир офицерге окуя тууралуу айтсам, жылмайып "Силер биздин көңүлүбүздү көтөргөнү келдиңерби, демек көтөргүлө" деген гана жооп алдым. 

Жолдо келе жатканыбызда кесиптеш айымдар мындай окуялар мурун дагы болуп келгенин айтышты. Бирок аларга бул жумуш керек болгондуктан, алар арыз жазышкан эмес.

Мен ал полковниктин үстүнөн арыз жаздым, ошондон кийин гана ал менден кечирим сурады". - дейт ал.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости